Ош: Европага жумушка жиберүүнү убадалап, тургундарды алдап жүргөн шектүү кармалды

Ош шаарында 150дөн ашык кишини Европага ишке орноштурам деп алдап, Бишкекте жашырынып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу 15-августта шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Ошко атайын офис ачып, ал жерге кайрылгандардан Европага виза ачып, Польша менен Германияга жумушка орноштурууну убадалап, акча алып турган.

«Ал жабырлануучуларга Европанын аймагында жумуш берүүчүлөр менен келишими бар экенин айтып, фирма алар чет жакка барып, жумушка орошконго чейин баарын көзөмөлдөйт деп ишендирген. Алардын көпчүлүгү виза үчүн 1800 евро төлөсө, айрымдары 900 евро берген», — деп белгилешти милициядан.

Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү шаардык соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин камакка алынды. 

Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иши жүрүп жатат. Милициядан шектүүнүн тузагына түшкөндөр болсо, 102 жана 0553 017 017 номерине чалып коюуну өтүнүштү.

Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча милицияга 35, үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чет өлкөдө кантип жумушка орношуп, эмгек укукту коргоо керек?