Боомдогу жол кырсыкта үч адам каза болуп, дагы тогуз адам ооруканада

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек — Торугарт жолундагы Боом капчыгайындагы жол кырсыгында үч адам каза болуп, дагы тогуз адам ооруканада. Бул маалыматты 16-августта «Клоопко» Кемин райондук ооруканасынан билдиришти.

«Ооруканага жалпы 11 адам жеткирилип, экөө үйгө чыгарылган. 16-августка карата жети киши абалы канааттандырарлык болгону үчүн [Бишкектеги] №4 шаардык жана бир кичинекей кыз №3 балдар ооруканасына которулду. Учурда бир аял райондук оорукананын реанимация бөлүмүндө. Абалы оор», — деди ооруканын жетекчиси Бакыт Сатымкулов.

Жол кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, аталган кырсык 15-августта болгон. Анда Toyota Avensis жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Учурда кырсыктын себептери жана күнөөлүүлөр иликтенип жатат.

Буга чейин, 13-августта Тоң районундагы жол кырсыгында сегиз адам каза болгон. Каза болгондордун арасында эки ымыркай бар экени маалымдалган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөдө үч миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жалпы 269 адам каза болсо, анын 38и — жаш балдар. Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Жол кырсыгынан сегиз киши каза тапты, алардын экөө ымыркай