Ысык-Көл: Жол кырсыгынан сегиз киши каза тапты, алардын экөө ымыркай

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болду. Бул тууралуу 14-августта «Азаттык» басылмасы облустук саламаттык сактоо координатору Жаңыл Акуновага таянып жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-августта Бишкек-Балыкчы жолунда катталган. Анда BMW жана Audi үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.

Kaktus.media каза болгондордун арасында эки ымыркай бар экенин жазды —  бири беш, экинчиси жети айлык. Кырсыктан дагы беш эркек, бир аял мерт кетти. Алар Нарын облусунун, Балыкчы шаарынын жана Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын тургундары экени айтылууда.

Ал эми жаракат алгандардын үчөө оор абалда Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимациясына, калган үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды. 

Каза болгондордун биринин тууганы, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну Автандил Казакбаев көз жумгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн экенин билдирди.

«69 жаштагы таякем, анын 35 жаштагы уулу жана 2 жашар, анан 7 айлык неберелери каза болду. Азыр мен сөөктөрдү жерге берип, Балыкчыга кеткени жатам. Ооруканада менин апам, таякемдин эки келини жана бир баласы жатат. Баары реанимацияда. Укканыбызга караганда, баарынын абалы оор. Алар кырсык болгон күнү Балыкчыга тойго барып, үйгө кайтып келе жаткан экен», — деди Казакбаев.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтып, кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөдө үч миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жалпы 269 адам каза болсо, анын 38и — жаш балдар. Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө үч унаа кырсыкка учурап, бир киши көз жумду

Алайда жол кырсыгынан эки үй-бүлөдөн 6 киши каза тапты