Чүй: Жашы жете элек кызга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду

Кармалган жаран. Сүрөт: ОИИБ

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынын 63 жаштагы имамы жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу 16-августта облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 17 жаштагы кыз менен 27 жаштагы жаранга нике кыйган. Бул боюнча «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Имам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирок кийинчерээк соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылдын сентябрь айында Сузак райондук милициясынын 27 жаштагы кызматкери 16 жаштагы кыз менен никеге турганы аныкталган. Аталган иш боюнча милиционер жана имамга кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдап кеткен учурлар аз эмес. Кыздар зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө дагы, айрыкча сексуалдык зомбулукка көп кабылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жашы жете элек кыз менен нике кыйып жашап алган милиционерге кылмыш иши козголду