«Кумтөр» компания жоготууларга учурап жатат деген маалыматты дагы бир ирет четке какты  

«Кумтор Голд Компани» ЖАКы компания акыркы жарым жылда жоготууларга учурап жатат деген маалыматты август ичи экинчи ирет төгүнгө чыгарган билдирүү таратты. 

Компаниянын 15-августта жарыяланган билдирүүсүндө «айрым ЖМК тарабынан айтылып, жазылып келген “Кумтөр” боюнча жоготуулар, компаниянын иш жүзүндөгү финансылык абалына дал келбестиги» белгиленет. Ушундай эле билдирүүнү компания 3-августта да жарыялаган болчу.

«“Кумтөр Голд Компани” ишканасы бир да кадам артка кеткен жок деп ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү айта алат. Тескерисинче, мамлекеттин казынасына баардык салыктар менен төлөмдөрдү берип, 2023-жылдын 6 айында 101,2 млн АКШ доллар өлчөмүндө таза кирише таап, андан тышкары 1 жылдын ичинде үлүштүк кирешесинин көлөмүн (дивиденд) 140 млн АКШ долларына жеткирип, ишин ийгиликтүү улантууда», — деп белгилешкен компаниядан.

«Кумтөрдөн» билдиришкендей, компаниянын 2023-жылдын биринчи кварталына карата кирешеси 146,7 млн долларды, ал эми таза пайдасы — 36,9 млн ддолларды түзгөн. Ал эми былтыркы кирешеси 119,6 млн доллар, пайдасы — 27,2 млн доллар болгон.

Компания алтындын 1 унциясынын жалпы чыгымдарынын себептери боюнча да түшүндүрмө берди. 2023-жылы алар 2,053 долларды түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 454 долларга көп. 

«Чыгымдардын көбөйүшү узак мөөнөттүү жана капиталдык салымдардын көбөйүшүнө байланыштуу (алтынды кайра иштетүүчү фабриканы модернизациялоо (ЗИФ), кендеги керектүү жабдууларды, оор жана коштоочуу техниканы жаңылоо ж. б.). Бул жерде капиталдык салымдардын өздүк наркын эсептөөдө эсепке алынбайт, анткени алар ишкананын активдерин көбөйтөт. Ошондой эле Кумтөр туруктуу киреше берип жатканын баса белгилөө керек», — дейт «Кумтөр».

Компаниянын финансылык отчётунда быйыл биринчи кварталда алтын өндүрүүнүн көлөмү 2 054 кг түзгөнү, былтыр ал ушул эле мезгилде 2 068 кг болгону айтылат. Экономика министрлиги кендеги өндүрүштүк көлөмдүн азайышын рудада алтындын үлүшү азайганы менен түшүндүргөн. 

«Кумтөр» өткөн жылдын ортосунан бери де-факто бийликтин башкаруусунда болгон — 17-майда ал жакка сырткы башкаруу киргизилген. Бул ал убакта кенди иштетип турган канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен тирешүүгө себеп болгон. Компания эл аралык сотторго кыргыз өкмөтүнө каршы бир нече доо арыз берген. 

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги Centerra менен макулдашууга жетип, «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген

«Кумтөр Голд Компани» 2022-жылы 17 тонна алтын сатып, 986 млн 511 миң доллар пайда көргөн. 2023-жылы компания 14 тоннадан ашык алтын өндүрүүнү пландап жатат.