Ош: Ири өлчөмдө пара алууга шектелген УКМКнын тергөөчүсүнө 2 млн сом айып салынды

УКМКнын Ош шаарындагы имараты, 20-январь. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Жыл башында УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында 15 миң доллар пара алып жатканда кармалган атайын кызматтын тергөөчүсүнө 2 млн сом айып салынды. Бул тууралуу «Клоопко» 16-августта Октябрь райондук соту билдирди.

Маалыматка ылайык, соттун өкүмү үстүбүздөгү жылы 27-апрелде чыккан. Ага ылайык, шектүү «Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу» беренесинин негизинде айыптуу деп табылган.

Өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу түшүп, учурда соттук кароо уланып жатат.

20-январда Башкы прокуратура УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында атайын кызматтын тергөөчүсүн 15 миң доллар пара алып жатканда кармаган.

Ошол эле күнү айрым басылмалар жеке булактарына таянып, ИИМдин 20 чакты аскери УКМКнын Оштогу бөлүмүнө «бастырып киргенин жана ИИМ менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкканын» жазышкан.

Ал эми окуя болгон жерде жүргөн «Клооптун» журналисти ИИМдин өкүлүнө таянып, эки мекеменин кызматкерлеринин ортосунда тартышуу болбогонун айткан.

21-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүндө эч кандай макулдашылбаган иш-аракеттер жасалбаганын айткан. Ошондой эле атайын кызматтын төрагасы бул иш тууралуу айрым аткаминерлер жана ЖМК өкүлдөрү «туура эмес маалымат таратканын» белгилеп, «алар жоопко тартылышы керек» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокуратура: УКМКнын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды

«Келишпестик жок». Ташиев УКМКнын тергөөчүсүн күч түзүмдөрү биргелешип кармаганын айтты