Акылбек Жапаров: Европа жана Азия өлкөлөрүнө таза суу экспорттоого даярбыз

Сүрөт: Министрлер кабинети

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык Qingdao Laoshan Mineral Water Co.Ltd компаниясына Кыргызстандан таза суу экспорттоону сунуштады. Бул тууралуу 19-августта минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапаров Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон иш сапарында компаниянын төрагасы Ван Да менен жолукту. Анда өкмөт башчы өлкөдөгү суу ресурстары толук пайдаланылбай жатканын айтты.

«Биз мөңгүлөрдүн башында турабыз. Ошондуктан экологиялык таза сууну Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Бул жаатта "Лаошан" өңдүү ири компаниялардын тажрыйбаларына муктажбыз», — деди ал.

Компаниянын жетекчиси Кыргызстандан Кытай аркылуу Европага таза суу экспорттоого кызыктар экенин белгиледи.

Буга чейин, кытайлык Shanci Coal Investment Group LLC компаниясы менен «Кыргызкөмүр» ишканасы өлкөдөгү эки көмүр кенин чогуу иштете турганы белгилүү болгон.

Министрлер кабинетинин төрт күндүк бул сапарында курулуш, гидроэнергетика, билим берүү тармактарындагы маанилүү макулдашууларга кол коюлганы кошумчаланды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Минкаб: Кытай менен Кыргызстан өлкөдөгү эки кенди бирге иштетет