Кыргыз балбандары жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында үч медаль жеңди

Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында бир күмүш, эки коло медаль утушту.

Балбан Жантөрө Мирзалиев (63 кг) украиналык, америкалык жана казакстандык спортчуларды багындырып, финалга чыкты. Финалда ирандык спортчуга жеңилип, экинчи орунга татыды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ФЕДЕРАЦИЯ БОРЬБЫ КР 🇰🇬 (@kyrgyzstan_wrestling_official)

Ал эми коло байгеге Асан Жанышов (87 кг) жана Нуристан Сүйөркулов (55 кг) ээ болду.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ФЕДЕРАЦИЯ БОРЬБЫ КР 🇰🇬 (@kyrgyzstan_wrestling_official)

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ФЕДЕРАЦИЯ БОРЬБЫ КР 🇰🇬 (@kyrgyzstan_wrestling_official)

Буга чейин аталган дүйнө биринчилигинде балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль багындырган.

Бул жолку 20 жашка чейинки күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-августта башталып, 20-августка чейин Иорданиянын Амман шаарында өтөт.