Видео: Баткенде бизнес түптөп, эл аралык рынокту багынтууну көздөгөн элеттик мугалим

Роза Адинаева — Баткендин Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын мугалими. Элеттик мугалим жакында эле көз жарып, бала менен үйдө отуруп калгандыктан турмуш-тиричиликке деп кошумча акча табуу үчүн бизнес баштаган. Анын үйдө отуруп эпоксид смоласы менен гипстен жасаган идиш-аяктарын элеттиктер эле эмес, жергиликтүү дүкөндөр да сатыкка алып кетишет.

Ишкер айымдын ал тургай шакирттери да бар, учурда чет элдик рынокко чыгууну да көздөп турат.