Ирригация институтунун башчысы чек арада күтүп калган фуралар боюнча казак бийлигине кайрылды

Айыл чарба министрлигинин ирригация институту «Ак-Тилек» жана «Кең-Булуң» өткөрмө пункттарында казак чек арачылары фураларды өткөрбөй жаткандыгына байланыштуу казак бийлигине кайрылды. Оор жүк унааларынын айдоочулары казак тарап Кыргызстан Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтоткону үчүн жүк ташып бараткан унааларды атайылап күттүрүп жатат деп эки күндөн бери арызданып жатышкан.

Айыл чар министрлигинин ирригация институту эмне дейт?

Экономика илимдеринин доктору, Айыл чарба министрлигинин ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев Фейсбук барагында казак бийлигине даректеген кайрылуусун жарыялады. Ал Казакстанга суу берүү суу сактагычта суу калбай калгандыктан токтотулганын түшүндүрдү.

«Урматтуу бир боор казак туустар! Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык», — деп жазды ал.

Чортомбаев сөзү куру болбошу үчүн Киров суу сактагычынын спутниктен тартылган сүрөтүн кошо жарыялады. Эки сүрөттү салыштыра келгенде суу сактагычтын аянты төрт айдын ичинде кыйла азайып кеткенин көрүүгө болот.

«Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү ахыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот», — деди ал.

Суу сактагычтын түбүндө балыктар калды, — деп улантты сөзүн чиновник, — эгер бул сууну Кыргызстан агызып жиберсе балыктар өлүп жок болот.

«Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле бири бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат. “Ынтымак бар жерде ырыс бар”. Ырысыбызга түкүрүп албайлы», — деп жыйынтыктады сөзүн Чортомбаев.

Көп өтпөй Чек ара кызматы 22-августтун түшкө маалына карата «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда тыгында кезек күтүп турган машиналардын саны 430га жеткенин билдирди. 21-августта чек арада турган фуралардын саны аз болчу — 370ке жакын.

«Өткөн суткада Казакстандан Кыргызстанга 274 автоунаа кирди. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматы эч кандай чектөө киргизбегенин жана өткөрмө пункту күндөгүдөй эле режимде иштеп атканын эске салабыз», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Тема боюнча:

Бир видео менен: Киров суу сактагычынын какшып калган көрүнүшү

Айыл чарба министрлиги: Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүү убактылуу токтотулду