Кайгуул милициясы: Мындан ары такси айдагандар автобекеттен гана жолго чыгат

Бишкектеги Батыш автобекети. Сүрөт: Иллюстративдик

Өлкөдөгү такси айдагандар мындан ары автобекеттерден кезек-кезеги менен каттамга чыга турган болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Ош базардын тегерегиндеги бардык такси айдоочулары автобекеттин ичине киргизилүүдө.

«Сыртта өз алдынча каттамга чыккан таксисттерге көзөмөл жок болуп, айдоочулар унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, чарчаңкы абалда, каалаган учурда, каалагандай каттамга чыгып, жолдо уктап кетип кырсыкка кабылган учурлар кездешүүдө», — деп белгилешти башкармалыктан.

Кайгуул милициясынан мындан ары алыс жолго чыккан айдоочулардын унаалары техникалык жактан текшерилип, көзөмөлдөнөрүн кошумчалашты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өлкөдө үч миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жалпы 269 адам каза болсо, анын 38и — жаш балдар. Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылга салыштырмалуу 8,5 эсеге өскөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Нааразы болгондор көп». «Яндекс.Таксинин» тарифи жөнгө салынары кабарланды