Казак-кыргыз чек арасында кезекте турган оор жүк унаалардын саны 600гө жетти

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө бекетинде кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын 23-августтун түшкү саат 13:00гө карата саны 600дөн ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, «Ак-Тилек-автожол» бекетинин алдында кезекте 493 унаа, ал эми «Кең-Булуң-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында 146 унаа турат. 

«Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан. Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат», — деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Буга чейин 21-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 370ке жакын автоунаа тыгында турганын билдирген. Буга казак тарап унааларды жай өткөрүп атканы себеп экени айтылган.  

Кийинчерээк Экономика илимдеринин доктору, Айыл чарба министрлигинин ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев Фейсбук барагында казак бийлигине кайрылуусун жарыялаган. Анда ал казак тарап Кыргызстан Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтоткондуктан чек арадан оор жүк ташуучу унааларды атайылап өткөрбөй жатат деп билдирген.  

Өз кезегинде Казакстандын Чек ара кызматы эч кандай чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат деп билдирген.   

22-августта Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү оор жүк ташуучу унаалар топтолгон жерлерге айдоочуларга медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн чатырларды тиккен. Ошондой эле ысык тамак-аш берүүнү да уюштурган.