Кыргыз спортчулары самбо боюнча Дүйнө кубогунда жети медаль жеңди

Кыргыз спортчулары Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнүндө бир алтын, бир күмүш жана беш коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

22-август күнү 98 килограммдан жогорку салмактык категорияда беттешкен Бекболот Токтогонов алтын медалга ээ болду. Ал эми Мираида Медетбек кызы кыздар арасындагы күжүрмөн самбо боюнча 65 килограмм салмактыкта күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле Кайрат Жусуп уулу (58 кг), Темирлан Уланбек уулу (58 кг), Фарух Мамажанов (88 кг), Артур Сансызбеков (98 кг) жана Сыймык Жапаров (98 килограммдан жогору) коло медалга татыды.

Аталган турнир Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өттү — мелдеш 22-августта башталган, бүгүн жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, Орусия, Беларус жана Израилден келген балбандар катышты.