Ош: Аялды унаа менен коюп кетип, кырсык болгон жерден из жашырган киши кармалды

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде бараткан 32 жаштагы аялды унаа менен коюп, кийин качып кеткен тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 23-августта Ош шаардык жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-август күнү саат 10:00 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө болгон. Opel үлгүсүндөгү унаанын ээси кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. 

Милиция айдоочу Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 56 жаштагы тургуну экенин аныктады. Учурда шектүү Ош шаарына алып келинип, унаа айып короого киргизилди. Тергөө иштери башталды. 

Жабырлануучунун абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин, 5-июлда Чүй облусунун Маевка айылында аскер кызматкери эки адамды өлтүрө коюп кетүүгө шектелип, эки күндөн кийин гауптвахтага камакка алынган

Ага мас абалда жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Аскер прокуратурасы тергөө жүргүзүп жатат. 

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маевкада эки адамды өлтүрө коюп кеткен аскер кызматкери камакка алынды