Айыл чарба министрлиги: Казакстан тараптын суу маселеси боюнча бизге дооматы жок

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев суу маселеси боюнча Казакстандын Кыргызстанга эч кандай дооматы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 23-августтагы маалымат жыйында айтты.

Сокеев күн мурун казакстандык кесиптештери менен дагы бир ирет байланышканын айтты.

«Кечээ күнү [22-августа] казакстандык кесиптештер менен сүйлөштүм. Алар “эч маселе жок, силерге биздин нааразычылык жок, өзүбүз сүйлөшкөнбүз, берген сууга ыраазыбыз” деп айтып жатышат. [...] ЖМКда биз тарапты сууну токтотуп койду деген туура эмес маалымат тарап атат. Ал жакта суу жок, тосо турган деле эч нерсе жок», — деди ал.

Сокеевдин айтымында, 17-19-июлда жолугушуу өтүп, анда казак тараптын өтүнүчү менен сууну берүү секундасына 45 метр кубга көбөйтүү жөнүндөгү протоколго кол коюлган.

Кыргыз тарап өз кезегинде кесиптештерине сууну мындай көлөмдө бере турган болсо, запас августтун башында түгөнүп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Казак тарап бул шарттарга макул болгон. Макулдашууга ылайык, 5-августтан бери казак тарапка суу берилбей жатат.

Кыргыз-казак чек арасындагы унаа тыгыны

21-августта кыргыз-казак чек арасында 370тей жүк ташуучу унаа тыгынга кептелип, 23-августта алардын саны 600дөн ашкан.

Мурдараак экономика илимдеринин доктору, Айыл чарба министрлигинин ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев Фейсбук барагында казак бийлигине кайрылуусун жарыялаган.

Анда ал казак тарап Кыргызстан Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтоткондуктан чек арадан оор жүк ташуучу унааларды атайылап өткөрбөй жатат деп билдирген.

Кийинчерээк Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев казак чек арачылары Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте баңги затка каршы операция жүргүзүшкөнүн билдирген. Чиновник «эч бир учурда коммерциялык жүккө карата эч кандай орнотуулар болбогонун» айтып ишендирген.