Баткенде 7 көчөгө чек ара чырында каза тапкандардын ысымы ыйгарылды

Баткен шаарындагы 7 көчөгө 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек ара жаңажалында курман болгондордун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» 24-августта шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш мындай токтомду чек ара чырында көз жумган маркумдардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында кабыл алган.

Аталышы өзгөртүлгөн көчөлөр:

  • Базар-Башы кварталынын «Тынчтык» көчөсү — Нургазы Боркошов атындагы көчө болуп өзгөрдү;
  • Кызыл-Дөң кварталынын Коммунистическая көчөсү — Илимбек Мурзаев көчөсү;
  • Чет-Булак кварталынын Айгүл-Гүлү көчөсү — Санжар Анаркулов көчөсү;
  • Чет-Булак кварталынын Чет-Булак-6 көчөсү — Айбек Абдиллабеков көчөсү;
  • Базар-Башы кварталынын «Токтогул-Олуя-2» көчөсү — Махамаджан Мапаев көчөсү;
  • Кызыл-Жол кварталынын Айдың-Көл көчөсү — Дурусбек Каныбек уулу көчөсү;
  • Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша-Жай көчөсү — Айбек Ысманов атындагы көчө болуп өзгөртүлдү.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

HRW’нин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча отчёту. Бийлик жана активисттердин пикири