Кыргызстанда 10 миң гектарга жакын жаңгак токоюнун аянты зыянкечтерге каршы дарылоодон өттү

Кыргызстанда 9 миң 691 гектар жаңгак токой аянтына зыянкечтерге каршы дарылоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу 24-августта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 Маалыматка ылайык, дарылоо жаңгак-мөмөлүү токойлордун абалын жакшыртуу, зыянкечтерге болгон туруктуулугун арттыруу, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.  

Аны менен катар, мекемеден токойлордо түгөйсүз жибек көпөлөгүнө каршы Вирин-ЭНШ препараты колдонулуп, аталган зыянкечтин 3200 килограмм жумурткасы чогултулганын белгилешти. 

Ошондой эле, кошумча биологиялык ыкмада «Леподецид СК» биологиялык заты менен 3 миң 960 гектар токой аянты дарыланганын кошумчалашты. 

«Жалал-Абаддагы Токойду коргоо жана сактоо станциясы тарабынан пайдалуу энтомофагтар — кооз дуулдак (Colosoma sycophanta) жана анастус диспарис лабораториялык шартта көбөйтүлүп чыгарылып, 800 гектар токой аянтындагы түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн жумурткасына каршы токой чарбаларына таратылып берилди», — деп жазылат маалыматта. 

Кыргызстандагы эң токойлуу облус-Жалал-Абад облусу. Ал жерде Борбор Азия боюнча белгилүү жаңгак токою бар. Арстанбап коругу 608,5 миң гектарды ээлеген көп жылдык жаңгак бактары менен белгилүү. Анда сөңгөктүү жана бадал түркүмүндөгү дарактардын 120дан ашык түрү өсөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддагы жаңгак токою БУУнун долбоорунун алкагында калыбына келтирилет

Сүрөт баян: Арстанбапта жаңгак фестивалы өттү