Сокулук: Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендер кыйноо болгонун айтып даттанышты

Чүй облусунун Сокулук районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендер милиция аларды «кыйноого алганын» айтып даттанышты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти. Ал эми Чүй ОИИБи «Клоопко» 24-августта аталган маалыматты кескин төгүндөдү.

Маалыматка ылайык, улуттук борборго келип түшкөн арызда 20-июль күнү милиция кызматкерлери кылмышка убактылуу кармоочу жайда кармалган шектүүлөрдүн бирин РИИБдин имаратына алып келип, бөлмөлөрдүн биринде колу менен сабап, башына тепкени айтылат. 

Ошондой эле милиционерлер «кылмышты моюнга алдыруу үчүн шектүүнүн башына уксус куюлган баштык кийгизишкен». Арыздануучулардын айтымында, кыйноо түнкү саат 23:00дөн таңкы 04:00гө чейин уланган.

Укук коргоочулар 27-июлда убактылуу кармоочу жайга барып, кармалган тургундун денесинен жаракаттын издерин аныкташкан.

Аны менен катар, дагы эки кармалган киши ушундай эле кыйноого кабылганын айткан. Ал эми «кыйноого туруштук бере албаган шектүүлөрдүн бири өзүнө, экинчиси — агасы менен атасына каршы көрсөтмө бергени» айтылды.

Кыйноолор боюнча арыз УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлдү.

Ал эми Чүй ОИИБден «Клоопко» 24-августта убактылуу кармоочу жайда кармалган шектүүлөргө кыйноо болгону тууралуу маалыматты кескин төгүндөштү. 

Милициянын маалыматына караганда, кыйноого кабылганын айтып арызданган үч киши буга чейин Чат-Көл айылынын 33 жаштагы тургунун «мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип» кармалышкан. 

Тергөө учурунда кармалгандардын аталган оор кылмышка тиешеси бар экени чогултулган буюмдар жана башка материалдар менен далилденгени белгиленди. 

«Мажбурлап, кандайдыр бир “физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырган” деген айыпкерлердин билдирүүлөрү — жасаган иштери үчүн жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштырууга жасаган аракети», — деп билдиришти милициядан.

22-июлда Сокулук районунун Чат-Көл айылынын 33 жаштагы тургуну үйүнөн унаасы менен чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк унаасы айылдын кире беришинен табылган.

Аталган факт Сокулук РИИБине катталып, «Адам уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөөдө дайынсыз жоголгон тургун «карыз алып, кайтарып бербей жүргөн» айылдашынын үйүнө кеткени маалым болгон.

24-июлда Чат-Көл айылынын 35, 30 жана 58 жаштардагы үч тургуну издөө салынган жаранды өлтүрүп, сөөгүн айылдын четиндеги таштандыга жашырууга шектелип кармалышкан. Окуя болгон жерден кынтыксыз далил буюмдар табылган. 

Кылмыш иши «Киши өлтүрүү» беренесине кайра квалификацияланган. Тергөөдө иштин жагдайлары толугу менен аныкталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

26-июлда Сокулук райондук соту үч шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Дубинка менен зордуктайм». Токтогулда кармалган шектүү милиция тарабынан кыйноого кабылганына даттанды