Нарын: Жумгал районунда кытайлык компания менен биргеликте «Ак-Улак» кени ачылат

Бийлик Нарын облусунун Жумгал районунда «Ак-Улак» жаңы көмүр кенин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу 25-августта президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраев көмүр кенин иштетүү боюнча келишим «Кыргызкөмүр» ишканасы менен Кытайдын Shanci Coal Investment Group LLC компаниясынын ортосунда түзүлгөнүн билдирди. Ал компания ишти баштоого даяр экенин кошумчалады.

«Негизги максат "Ак-Улак" участогунда көмүр казып алуунун аркасы менен элге жумушчу орундарды түзүү, компания төлөгөн салыктын эсебинен элдин жашоо шартын жакшыртуу жана аймакты өнүктүрүү болуп саналат», — деди Ибраев.

Министр компаниянын ишин «Кыргызкөмүр» жетектей турганын жана баары мыйзам чегинде болорун кошумчалады.

Кыргызстан менен Кытай көмүр кендерин биргеликте иштетүү боюнча макулдашышканы тууралуу буга чейин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирген. Келишимге Кытайдын Шиңжан-Уйгур автономиялуу районунда өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда кол коюлган.

Бул форумда өлкөлөр «Тегене», «Торугарт», «Каракабак-Балыкты», «Сүлүктү-11 поле» жана «Торугарт 1» кендерин да биргеликте иштетүү ниеттерин макулдашышкан.