Султанбаев: Президент Венгрияга жеке учак менен барды, бирок майдын чыгымын гана төлөдү

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24.kg’ге Жапаров Венгрияга жеке бизнес-джет менен барганын тастыктады. Мурдараак Temirov Live’дын журналисттери Жапаров Будакештке иш сапары менен Катардын Qatar Executive авиакомпанияга таандык Airbus ACJ319 үлгүсүндөгү жеке учак менен кеткенин айтышкан. 

Султанбаевдин айтымында, бийлик бул ирет да мурдагыдай эле учактын күйүүчү майына гана каражат кетирген — 800 миң сом чыгымдалган.

Temirov Live’дын маалыматы боюнча, Airbus ACJ319 учагынын ижарасы 7 млн сомдон ашык турат (74 миң евродон ашык). Кызыгы, февралда Жапаров Будапештке жеке бизнес-джет жалдабай эле №1 (ТУ-154) борт менен барып келген.

Airbus ACJ319 учагынын көптөгөн жайгаштыруу варианттары бар жана 19дан 50гө чейин жүргүнчүнү батыра алат. Бизнес-авиация кызматтарын көрсөткөн Jet Partners компаниясынын сайтында белгилегендей, бул учак чоң делегациялар үчүн идеалдуу, анын бортунда көптөгөн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн: кенен офисинен тартып ыңгайлуу уктоочу орундуктары бар.

Буга чейин Жапаровдун администрациясы президент №1 борт эски жана кооптуу болуп калгандыктан жеке учак менен учууга аргасыз экенин айтышкан. Кээ бир өлкөлөр өз аэропортторунда №1 бортту кабыл алуудан баш тартып жатышканы белгиленген.

Ошондуктан Садыр Жапаров менен минкабдын башчысы Акылбек Жапаров чет өлкөлүк сапарларына дайыма бизнес-джеттер менен чыгып жүрүшөт. Журналисттердин эсеби боюнча, мындай учууларга өлкө бюджетинен оң миңдеген доллар кетиши мүмкүн. Анткен менен бийлик бизнес-джеттерди бекер колдонуп, майына гана акча кетирип жатканын айтып келет.

Мындан тышкары, президенттик администрация жеке учактардын бирин лизингге сатып алууга камданып жатат — ал Bombardier Challenger же Embraer Legacy болушу мүмкүн.

№1 борт — ТУ-154 учагы 1993-жылы чыгарылган. Аны Кыргызстанга 2006-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин белек кылган. Андан бери бул учакта Садыр Жапаровго чейинки президенттер учуп жүргөн, ал эми Садыр Жапаров чет өлкөлүк сапарларына жеке учактардын кызматын колдоно баштаган.