ТИМ: Хабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргызстандыктын абалы оор

26-августта Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Хабаровск шаарындагы рейд учурунда полициядан ок жеп, оорукагана түшкөн кыргызстандыктын абалы оор экенин билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 24-август күнү кечинде шаардагы автобекетте болгон. Рейд учурунда 20 жаштагы кыргызстандык унаасы менен качууга аракет кылып, укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган.

«Кыргызстандыктын мыйзамсыз аракетин токтотуу үчүн курал колдонулган. Натыйжада ал жаракат алып, кармалган. Бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети “Укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө коркунуч жаратуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Аны камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандоо маселеси чечилип жатат», — деп белгилешти министрликтен.

ТИМден Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Хабаровск шаарындагы консулу керектүү укуктук жардам берүү үчүн анын туугандары менен байланышканын кошумчалашты.

Аны менен катар, министрликтен чет жердеги кыргызстандыктар ошол өлкөнүн мыйзамын так сакташы керек экенин эскертти.

Үстүбүздөгү жылдын 19-25-июнунда Орусияда борбор азиялык мигранттарга карата масштабдуу «Нелегал-2023» операциясы жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн натыйжасында 7 миңдей киши өлкөдөн чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Орусияда борбор азиялык мигранттарга каршы рейддер жүрүп жатат