Кыргыз спортчулары ММА боюнча Таиландда өткөн Азия чемпионатында төрт медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар Таймаштын аралаш түрлөрү (А-ММА) боюнча Таиландда өткөн Азия чемпионатында эки алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болду. Бул тууралуу 26-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Маалыматка ылайык, 65 килограмм салмактык категорияда ат салышкан Адилет Алимбай уулу менен 70 килограммда беттеш өткөргөн Айжигит Эркебай уулу алтын медаль тагынды.

Ал эми 93 килограмм салмактык категорияда күмүш медалга Манас Темирбек уулу, 70 килограмм боюнча коло байгеге Шергазы Сакыбаев ээ болду.

Спортчуларды Дене тарбия жана спорт департаментин өкүлдөрү жана мушкерлердин жакындары «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен тосуп алышты.

Таймаштын аралаш түрлөрү (А-ММА) боюнча Азия чемпионаты 18-20-август аралыгында Таиланддын Бангкок шаарында өттү.