Режиссёр Актан Арым Кубат Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалер наамына ээ болду

Кыргызстандык кинорежиссёр Актан Арым Кубат Франциянын маданият министрлигинин искусство жана адабият орденинин кавалер наамына ээ болду. Бул тууралуу 28-августта кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова инстаграм барагында билдирди.

Сүрөт: Гүлбара Төлөмүшова

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак кол койгон. 1957-жылы Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн түзүлгөн бул сыйлык саналуу гана адамдарга ыйгарылары айтылат.

«КР Эл артисти Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон. Анын “Свет аке” тасмасы да “Режиссёрлордун эки жумалыгы” программасында Канн кинофестивалынын катышуучусу болгон», — деп жазды Төлөмүшова.

Кино таануучу Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын башка кинофестивалдарына да катышып, лауреат болгонун жана франциялык кинотеатрларда кеңири прокатка чыкканын белгиледи.

Франциянын Кыргызстандагы элчилиги 31-августка чейин пландан тышкары жабык болгону үчүн маалыматты тактоо мүмкүн болгон жок.

Өткөн жылдын 18-декабрында Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы Алматы шаарында өткөн XVI Эл аралык «Евразия» кинофестивалында «Мыкты тасма» байгесин жеңген.

Ошондой эле аталган тасма Asian Pacific Screen Awards сыйлыгынын калыстар тобунун гран-присин уткан. 2007-жылы түзүлгөн эл аралык сыйлык кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталып жүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарда» калыстар тобунун баш байгесин жеңди

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» фильми «Евразия» кинофестивалынын баш байгесин жеңди