Видео: Кыргызстанга «Барселонанын» мурдагы капитаны Карлес Пуйоль келди

28-август күнү эртең менен Кыргызстанга «Барселона» футболдук клубунун легендарлуу коргоочусу жана экс-капитаны Карлес Пуйоль келди. Футболистти Бишкектин «Манас» аэропортунда тосуп алуунун видеосун «Барселона» футболдук академиясынын Кыргызстандагы Инстаграм аккаунту жарыялады.  

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от @barcaexperience.kg


Аэропорттун жанында Пуйолду «Барса» деп кыйкырып турган клубдун жаш фанаттары күтүп турду. Бирок легендарлуу коргоочу кол тамгасын берүүгө токтогон жок.

Пуйоль жана «Барселонанын» легендарлуу оюнчулары 30-августта Бишкекте «Азиянын легендалары» командасы менен беттешке чыгат. «Азиянын легендалары» командасынын курамында президент Садыр Жапаров дагы ойнойт деп күтүлүүдө.   

Аталган матч Жалал-Абадда «Барса» футбол академиясынын ачылыш аземине карата өтөт. Бул оюн тууралуу буга чейин Кыргызстандын футбол союзу (КФС) билдирген болчу.

Жалал-Абадда «Барселонанын» Футболдук академиясын Камчыбек Ташиевдин уулдары курары белгилүү болгон. Бирок алардын өнөктөштөрүнүн арасында Садыр Жапаровго, Курманбек Бакиевге жакын адамдар жана Росатом менен тыгыз байланышы бар орус-казак энергомагнаты бар экенин билгендер аз.

Акыркы жылдары ал Кыргызстанда бир нече кенге жана кыргыз жарандыгына ээ болгон. Муну «Клооптун» журналисттери аныкташкан.   

Тема боюнча: «Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?

Журналисттердин материалына президент Садыр Жапаров жооп берип, «“Клооп”» баш болгон сайттардын зыяндан башка пайдасы жок» деп билдирген

«Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жаткандарына сүйүнбөйсүңөрбү», — деп билдирген президент.