Баткен: Мэриядан талкууга түшкөн тепкич бузуларын билдиришти

30-августта соцтармактарда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо курулган тар тепкичтин видеосу тарап, кызуу талкууга алынды. Баткен шаардык мэриясынан аталган тепкич толугу менен бузуларын билдиришти.

Шаардын вице-мэри Акылбек Орозов тепкичтин өтө эле тар курулуп калганынын себебин «стадиондун негизги трибунасы кеңейтилип, тепкичтин көпчүлүк бөлүгүн каптап калганы менен» түшүндүрдү.

«Стадиондун негизги трибунасы жакын арада кеңейтилгендиктен мурда курулган тепкичтин 50 сантиметрден ашыгыраак жерин өзүнө камтып кетип, калганы сыртта калып калган. Трибунанын арткы тарабында [мындан сырткары] үч, алды жагында төрт тепкич бар», — деп айтылат билдирүүдө. 

Өткөн жылы соцтармактарда Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр жарыяланып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Кийинчерээк УКМК Баткен шаарынын борбордук стадионуна асфальт төшөө боюнча текшерүү ишин баштаган.

Башкы беттеге сүрөт «Турмуш» басылмасынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Баткендеги чөп баскан асфальт: УКМК жагдайды көзөмөлгө алып, текшере баштады

Президенттин сапары, чөп баскан асфальт: «МедиаХаб» Баткендин стадионун оңдоодо мыйзам бузууну аныктады

Оштогу сапатсыз тротуарлар: Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду