Ош: Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу иши боюнча сурак берди

Өмүрбек Бакиров

Мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу иши боюнча Ош облустук милициясына сурак берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева 29-августта билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бакиров 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда козголгон иштин алкагында суракка алынды.

«Азыр тергөө жүрүп жатат, ага оозеки чакыруу берилген. Азырынча баары ошондой [мыйзамдын чегинде], бирок келечекте кандай болот, көрөбүз. Тергөө дагы уланат. Биз эч кандай кылмыштын курамы жок деп эсептейбиз», — деп билдирди Сүйүнбаева.

26-августта Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын мандатынан ажыратуу тууралуу соттун чечимин карап, анын жыйынтыгында эл өкүлүнүн токтому жана күбөлүгүн жокко чыгарган.

Бакировдун мандат маселеси

Бишкектин административдик соту Оштун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын 7-июнда жокко чыгарган. Анда аталган округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. Кийин бул чечимди шаардык да, Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатышканын айтып, аны мыйзамсыз деп атаган.

«Мыйзамга ылайык, шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, өтүнүчтөр үч күндүн ичинде каралышы керек. Алар бул норманы одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. Шайлоодон кийин бир жылдан соң сот талаш-тартыштарды кайра карап чыгууну чечкен. Алардын айтымында, бул "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жасалып жатат, бирок мыйзамдарда мындай түшүнүк жок. Бул парламентке болгон кысым», — деген ал.

Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки талаш-тартыштан кийин башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мандат маселеси: БШК Өмүрбек Бакировдун каттоосун жана күбөлүгүн жокко чыгарды

Ташиев менен айтыша кеткен Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды