Сириядагы лагерден кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди

Гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 30-августта билдирди.

Өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган балдар менен аялдар өлкөгө «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында алып келинди. Ага кыргыз бийлиги, АКШнын өкмөтү, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитети көмөк көрсөттү.

Ошондой эле аткарылган миссиянын алкагында, Кыргызстандын делегациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Буга чейин, 16-фералда, Сириядагы кооптуу аймактардан Кыргызстанга атайын учак менен 18 аял жана 41 бала алынып келинген.

Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого көнүшү үчүн тийиштүү кызматтар көрсөтүлөрү айтылган.

Кыргызстандыктарды Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүп, алар «ыйык согушка» деп өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сириянын кооптуу аймактарынан кыргызстандык 41 бала,18 аял алып келинди

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне