Сириянын кооптуу аймактарынан кыргызстандык 41 бала,18 аял алып келинди

16-февралда Сириядагы кооптуу аймактардан Кыргызстанга атайын учак менен 18 аял жана 41 бала алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган балдар менен аялдар өлкөгө «Айкөл» гуманитардык миссиясынын алкагында алынып келинди. Ага кыргыз бийлиги, Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги, ЮНИСЕФ жана Кызыл крест эл аралык уюму көмөк көрсөттү.

Аларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келди.

«Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого көнүшү үчүн тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт. Тиешелүү кызматтар балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт», — деп белгилешти министрликтен.

Кыргыз бийлиги 2021-жылдын март айында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында алгачкы жолу Ирактан Кыргызстанга 79 баланы алып келген.

2021-жылдагы расмий маалыматка ылайык, 2013-жылдан бери Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык чыгып кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп саналат, ал эми аялдар жана балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок так саны белгисиз.

Качкындар лагеринин жалпы көрүнүшү. Аль-Холь, Хасака. Сирия. Сүрөт: Reuters басылмасы.

Кыргызстандыктарды Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» деп өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында өз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуациялоону убадалаган. Аларды Кыргызстанга алып келүү тууралуу дагы сөз болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам иш токтоп калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Качан келесиң?» Сириядагы кызын күткөн эне