БШК: Көк-Жар округунда шайлоо өтпөйт, Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Ноокат районунун №4 Көк-Жар шайлоо округунда шайлоо өткөрбөө чечимин кабыл алды. Бул чечимди БШКнын мүчөлөрү 30-августта чыгарды.  

БШК мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган шайлоо окуругунда экинчи орунду ээлеген Равшанбек Рысбаев депутат болот деп чечти. 

Боршайкомдон Бакировго берилген добуштар ал добуш сатып алууга айыпталып жаткандан кийин, жараксыз деп табыларын түшүндүрүштү. БШКдан билдиргендей, Бакировго берилген добуштар жокко чыгарылганы 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт, ошондуктан шайлоонун жыйынтыктарын толук жокко чыгарууга жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо кампаниясын өткөрүүгө негиз жок.  

Бакировдун мандатынан ажыратылышы

Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандат алуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу үчүн сотко доо арыз менен кайрылган. Бишкектин административдик соту Оштун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын 7-июнда жокко чыгарган. Анда аталган округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот менен Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатышканын айтып, бул чечимди «мыйзамсыз» деп атаган.

Ал эми 26-августта БШКнын бардык мүчөлөрү Бакировду депутат кылып каттаган токтомду жана анын күбөлүгүн жокко чыгаруу чечимин бир добуштан колдошкон.

Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки айтышуудан кийин башталган.

Дагы окуңуз: Ош: Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу иши боюнча сурак берди