Президент кыргызстандыктарды өнүккөн өлкөнүү куруу үчүн «тарыхый шансты» колдон чыгарбоого чакырды

31-августта Ошто президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүн айтты

Өз сөздө ал Кыргызстандын өнүгүп өсүшүн жана республикадагы калктын саны 7 млндон 70 млн адамга өсүшүн каалады. 

«Андай заманды жаратуу, өнүккөн өлкө куруу биздин колубузда. Себеби, бизде баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөдөгү, эл ичиндеги мындай артыкчылыктарды колдон чыгарбай туура пайдаланып, тарых жаратып калуу улам боло бербей турган тарыхый шанс. Шансты кетирбейли, өлкөнүн жаратылыш ресурстары, адам ресурстарын туура, сарамжал, астейдил колдонуп, аталардан бизге калган эгемендүү Кыргызстанды өркүндөтүп-өстүрүп, кийинки муунга өткөрүп берели», — деп кайрылды президент. 

Оштогу тууну көтөрүү жөрөлгөсү. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

31-августта Кыргызстан эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын белгилеп жатат. 1991-жылдын дал ушул күнү «легендарлуу парламент» көз карандысыздык жөнүндөгү Декларацияны кабыл алган.  

Быйыл негизги майрамдык иш чаралар президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Ошто өтүп жатат, анда мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты өттү. 

Ал эми Бишкек шаарынын бардык райондорунда ар түрдүү иш чаралар — жарманке, концерттер, спорттук мелдештер өтүп жатат. Кечке маал борбордук «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт пландалган.