Көк бөрү чыры: Талас ОИИБи соцтармакка тараган видео боюнча териштирүүнү баштады

Талас облустук милициясы көк бөрү чырынан кийин соцтармактарда тараган видеону териштире баштады. Бул тууралуу «Клоопко» 1-сентябрда милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан окуяга тиешеси бар тургундар мыйзам чегинде жазага тартылары айтылды.

Буга чейин соцтармактарда Ош облусунун жашоочулары экени айтылган төрт тургундун канжалата сабалган видеосу тараган. Тасмада аларды 31-августта Ошто өткөн көк бөрүдөгү чырга байланыштуу мажбурлап кечирим суратышкан.

Видеодон скриншот

31-августта өлкөнүн көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына карата Ош облусунда көк бөрү оюну өткөрүлүп, анын финалында Таластын «Ынтымак» командасы Оштун «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Оюн аяктар алдында жыйынтыкка нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко алып, анда жалпы алты киши жабыркап, бир укук коргоо органынын кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечинде кайрылуу жасап, чыр-чаттакка тиешеси бар ар бир тургун мыйзам чегинде жазаланарын билдирген. Ташиев чагымчылдыкка алдырбоого жана ынтымакка чакырган.

Ал эми ИИМ окуяга байланыштуу соцтармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.

1-сентябрда Ош милициясы чырга тиешеси бар 25 кишини кармады. Териштирүү уланып жатат.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Көк бөрү оюнундагы чырга байланыштуу 25 киши кармалды

Ош: Көк бөрүдөгү чырдан алты киши жабыркады, бир улакчы ооруканага түштү