Киберспорт: Кыргызстандын курамасы PUBG Mobile боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңди 

Кыргызстандын кибер спорт боюнча курамасы IESF уюштурган 15th WE Championship IASI 2023 дүйнө чемпионатында PUBG Mobile боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Компьютердик спорт федерациясынан (КСФ) билдиришти.  

Кыргызстандык оюнчулар 16 тайпаны жеңип, 40 миң доллар утуп алышты. 

PUBG Mobile боюнча кыргызстандык оюнчулар жеңиштен кийин. Сүрөт: IESF.

Румынияда өтүп жаткан турнир 24-августтан 4-сентябрга чейин уланат. Анда Кыргызстандын курамасынын атынан Дияр Осмонов, Байтур Курманбеков, Бекнияз Рысалиев жана Антон Генцельман чыкты.  

Бул мелдеште Кыргызстан төрт дисциплина боюнча ойноду: PUBG Mobile, Dota 2, eFootball 2023 жана Tekken 7. 

Dota 2 боюнча курама 3-орунду алып 20 миң доллар утту. Аталган дисциплина боюнча Кыргызстандын курамасында Бакыт Эмилжанов, Кыялбек Тайиров, Руслан Темиралиев, Евгений Ри жана Бектур Кулов болгон.

Кыргызстандын Dota 2 боюнча курамасынын оюнчулары. Сүрөт: КСФ

Ал эми eFootball 2023 жана Tekken 7 боюнча жалгыздан ойноочу таймашта кыргызстандык оюнчулар «татыктуу жана күчтүү оюн көрсөтүштү, бирок тилекке каршы тайпадан чыга алышкан жок».  

IESF — эл аралык киберспорт федерациясы, ал бүткүл дүйнө боюнча киберспорт тармагындагы кыймылдарды өнүктүрүү жана колдоо менен алектенет. Алар 2009-жылдан бери түрдүү видеооюндар боюнча мелдеш жана турнирлерди уюштуруп келет. IESF чемпионаттары жыл сайын ар башка өлкөлөрлө өтүп турат.