Ош: 5 млн сомдук алтынды учакка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган чет өлкөнүн жараны кармалды

Ош аэропортунда болжолдуу наркы 5 млн сомдон жогору алтын жасалгаларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу 1-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз борборунан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, шектүү салмагы 848 граммды түзгөн алтын жасалгаларды бажы мыйзамын кыйгап өтүп, Ош — Стамбул багытындагы учакка алып кирүүнү максат кылган. 

Кармалган киши 45 жаштагы Өзбекстандын жараны. Ал документтер толтурулган соң тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. 

Буга чейин, 13-июнда Ош облусунда Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып көрсөтүп жүргөн бажы кызматынын эки инспектору жана ишкерлер кармалган.

Алардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик казынага өзгөчө ири өлчөмдө зыян алып келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Бажы кызматкерлери жана ишкерлер аткезчилик жол менен системалуу түрдө товар ташыганы аныкталды