Садыр Жапаров: Мадумаров өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт деп эсептейт. Бул тууралуу президент «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров казинолор 2005-жылдан кийин Мадумаров биринчи вице-премьер, спикер, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болуп турганда иштей баштаганын айтат.

«Биздин жарандарга мыйзам чегинде кирүүгө тыюу салдык. Күчүбүз жетет. Анан эле ошол мезгилде Мадумаров өзү өткөрүп берген казиного ошол кезде каршы болбостон, бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу "таза" адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун», — деди Жапаров.

Өлкө башчысы «Бүтүн Кыргызстандын» лидери казиного каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат деп эсептейт.

«Мадумаров бир нече жыл мурун “Өлкөгө президенттик башкаруу керек” деп келген. Кайсы бир журналисттин "Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?" деген суроосуна "азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт деп жооп берген учурлар болгон. Ал учурда мен камакта жаткам. Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, "президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт" деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, “сабатсыз, жарабайт” деди. Кыскасы, өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт», — деди Жапаров.

Эки Жапаровдун казино ачуу демилгеси жана Мадумаровдун сыны

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда казино ачууну демилгелеген. Ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров демилгени колдогон.

Муну Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, үстүбүздөгү жылдын 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоору каралып жатканда Мадумаров регламент бузулганын айтып чыккан. Ошондой эле, ал колго тийе элек документке добуш берип жатабыз деп сынга алган.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары казино ачууга каршы болуп, мыйзам долбооруна добуш берүүдөн баш тартышкан. Бирок ага карабастан төрага Талант Мамытов мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добушка койгон. Жыйынтыгында 58 депутат макулдугун берип, 9 депутат каршы добуш берген.

Тема боюнча:

Видео: Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду камаймын деп бир нече жолу коркутту

Президент Адахан Мадумаровду «популист саясатчы» деп атап, УКМКнын башчысына болушту