Камчыбек Ташиев: Мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо болбойт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «мамлекетке чыккынчылык кылып, бүлүк салууга аракет кылгандарга аёо болбойт» деп билдирди. Бул тууралуу ал 2-сентябрда фейсбук барагына жазды.

«Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракетин жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!» — деди атайын кызматтын башчысы.

Ташиев мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ИИМ тарабынан кармалган шартта жарыялады.

ИИМдин спецназдары Мадумаровду 2-март күнү түшкө чейин жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө кармап кетишкени кабарланган.

Социлдык тармактарда Мадумаровду кылмыш иликтөө башкармалыгынан сотко алып келгени тууралуу видеолор тарады. Азырынча ага кайсыл берене менен айып тагылганы белгисиз. Сотко эл өкүлүнүн тарапташтарын да, журналисттерди да киргизбей жатышканы айтылды.

ИИМден бул боюнча маалыматты тактап жатышканын билдиришкен. Азырынча мекеме маалымат бере элек.

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Ташиев менен Мадумаров парламентте кайым айтыша кеткен. Анда Ташиев эл өкүлүн алгач «колуңду сындырам», андан кийин «камайм» деп коркуткан болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду камаймын деп бир нече жолу коркутту