Олжобай Шакирди боштууну талап кылган коомдук ишмерлер бийликке кайрылуу жолдошту

Коомдук ишмерлер, акын-жазуучу жана журнилисттер бийликтен «Массалык башаламандыкка чакырык таштоо» жана «Бийликти күч менен басып алууга» айыпталып жаткан жазуучу Олжобай Шакирди эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

100дөн ашуун киши кол койгон кайрылууда Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана ага коюлган айыптар чындыкка такыр коошпой турганы айтылат.

«Бирок бир чындыкка көз жумуп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы да эмес экенине кепил боло алабыз. Кошоматчылардын барымтасында калган бийликтин күнү тез эле бүтөрүн буга чейинки үч төңкөрүш далилдебеди беле? Олжобай – элди маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн кеңсе кылып, күнү-түнү жанын карч-уруп иштеп жаткан коомдук ишмер», — деп айтылат кайрылууда.

Аны менен катар, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылгандар «маселени сөз менен, жүйө менен чечкенге умтулбаган, мыйзамды сыйлабаган жагдай улам бир төӊкөрүш баштаган карөзгөй күчтөргө жол ачып коёт» деп эскертишти.


Жазуучунун кармалышы

Олжобай Шакирди УКМК кызматкерлери суракка алып кеткени тууралуу 23-август күнү кечинде белгилүү болгон. Анын жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу жети сааттан бери дайынсыз экенин айтып чыккан.

Ал эми 24-августта Биринчи май райондук соту жазуучуну ТИЗО-1ге 2 айга камакка алган.

Ага дейре Шакир фейсбук барагы аркылуу элди Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу тынчтык митингине чакырган. Ал буга чейин эле бийликти байма-бай сындап келген.

Ал эми Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери 17-августта маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот жазуучу Олжобай Шакирди 2 айга камакта калтырды

Жазуучу Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга» шектелип кармалды