Сот жазуучу Олжобай Шакирди 2 айга камакта калтырды

Жазуучу Олжобай Шакир. Сүрөт: Бакыт Автандил

Биринчи май райондук соту жазуучу жана жарандык активист Олжобай Шакирди ТИЗО-1ге 2 айга камакта калтырды. Сот 24-августта жабык өттү.

Жазуучу «Массалык башаламандыкка чакырык таштоо» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айыпталып жатат. Соттук процесске Шакирдин жактоочусунан сырткары жубайы гана катыша алды. 

Сот залынын алдында бир катар укук коргоочулар, жарандык активисттер жана жазуучунун жакындары плакаттарды кармап, анын бошотулушун талап кылып турушту.

Жазуучуну УКМК кызматкерлери суракка алып кеткени тууралуу 23-августтун кечинде белгилүү болгон. Шакирдин жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу жети саат бою дайынсыз болгонун, аны Бишкек ШИИБден дагы издеп келишкенин айтып чыккан.

УКМК тарабынан тагылган айыптоолорду Шакирдин жактоочусу Бакыт Автандил «негизсиз жана абсурд» деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган.

Буга чейин, 21-августта жазуучу фейсбук барагына пост жазып, Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу нааразычылык акцияга чакырган. Жазуучу буга чейин дагы бийликти байма-бай сынга алып келген.

17-августта Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери маалым болгон

Бийликтин мындай чечимин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаровдор кескин сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жазуучу Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга» шектелип кармалды