Шаардык сот «Вечерний Бишкектин» «Кактус Медиага» каршы доосун күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту «Вечерний Бишкектин» «Кактус Медиа» басылмасына карата доосу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу басылманын өзү жазды.

23-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкектин» доосун жарым-жартылай канааттандырып, жоопкер Диля Юсупованы 500 миң жана дагы «Промедиа Плюс» коомдук фондун (Kaktus.media’нын редакциясы) 500 миң сом төлөтүүнү чечкен. Сот анда «Вечерний Бишкек» банкротко кабылды деп «Кактус Медианын» сайтына чыккан кабарды чындыкка коошпойт деп тааныган.

Бирок басылманын адвокаттары биринчи инстанциянын чечимине макул болбогон жүйөлөрдү келтиргенине карабастан шаардык сот аталган чечимди күчүндө калтырды. «Кактус Медиадан» «Клоопко» шаардык соттун чечимин Жогорку сотто даттанышарын билдиришти.

Быйыл январь айында «Вечерний Бишкек» «Кактус Медианы» сотко берген. Басылманы сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетет деп жазылган макаласы себеп болгон. Арыз ээси макаланы төгүнгө чыгарууну жана «Кактус Медианын» өзүнөн, анын ичинде бир нече кызматкеринен 50 млн сом доо талап кылган.

«Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.media’нын сайтында 29-декабрда чыккан. Макалада «Вечерний Бишкек» 2023-жылдын 1-январынан тарта жабылары жана гезиттин акыркы саны чыкканы айтылган. Анткен менен Kaktus.media «Вечерний Бишкектин» электрондук версиясы ишин уланта берерин белгилеген.