«Дордой» базарындагы митинг: Салык кызматы салыктык коюмдар көбөйтүлбөгөнүн билдирди 

Салык кызматы 4-сентябрь күнү нааразычылык акциясына чыккан «Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлеринин митинги боюнча комментарий берди. Кызматтан «Дордой» базары үчүн салыктык коюмдар өзгөрбөгөнүн жана көбөйтүлбөгөнүн билдиришти. 

Маалыматта Салык кызматынын кызматкерлери август айында «Дордой» жаңы конушунда салык каттоолору жок, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жок ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектерди аныктоо боюнча көзөмөлдөө иш чараларын жүргүзүшкөнү айтылат. Ошондой эле бул иш чаралар ишкердик объектер менен субъектилердин жайгашкан орду боюнча электрондук карта түзүүнү да камтыган. 

Текшерүү маалында салыкчылар ээлери салык мыйзамдарын бузган 800дөн ашык контейнерге жана кампаларга мөөр басышкан. 

«“Дордой” конушундагы контейнерлер жана кампалар ишкердик үчүн эмес, турак жай куруу үчүн арналган короо-жай алдындагы жер участокторунда жайгашканы аныкталган. Бул участоктор иш жүзүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтерисиз жана салыктарды, анын ичинде мүлк салыгын төлөбөстөн, кампа жана өндүрүш объекттери жайгашкан өнөр жай аймагы катары пайдаланылган. Мындан тышкары, 370 млн сом суммасында эсепке алынбаган товарлары бар 117 субъект аныкталган. Бул товарларды тастыктаган документтер жок болуп чыккан», — деп билдиришти Салык кызматынан.

Кызматтан кошумчалашкандай, мыйзамга ылайык, коштомо документи жок товар алган ишкерлер салык агенти катары бюджетке сатып алынган товардын наркынын 10 % өлчөмүндө киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.

«Айрым ишкерлер бул 10 % өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салык жүгүн көбөйтүү катары эсептешип, салык төлөөдөн качуу максатында ар кандай митингдерди уюштуруп, коомчулукту адаштырышууда», — дешет салыкчылар.

Ведомстводон митингге чыккандар менен 4-сентябрда салык кызматынын башчысынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жолугуп, салык мыйзамдарынын нормаларын, ошондой эле баардык категориядагы ишкерлерге бирдей шарт түзүп берүү үчүн салыктарды төлөө керектигин түшүндүрүп бергенин да кошумчалашты.   

Билдирүүнүн аягында Салык кызматы ишкерлерди мыйзамды сактоого жана салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төгүп турууга чакырды.

4-сентярда Бишкектин четиндеги «Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгып, салыкчылардан кампаларга басып кетишкен мөөрлөрдү алып, камаларды ачып берүүнү талап кылышкан. Алар салыкчылар ондогон кампага мөөр басып кеткенине, аларды кайра ачтыруу үчүн кампада сакталган товардын жалпы наркынан 10% салык төлөөгө туура келгенине нааразы болушкан.

«Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлери буга чейин да митингге чыгышкан. Мурдагысында алар патент системасын калтырууну, ошондой эле салыктарды көбөйтпөй турууну талап кылышкан.