«Дордой» жана «Жунхай» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

Бишкектин четиндеги «Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлери 4-сентябрда нааразылык акциясына чыгып, иш ташташканын билдиришти. ЖМКнын маалыматына ылайык, чогулгандар Салык кызматынын аракеттерине нааразы.

Kaktus.media басылмасы «Дордой» базарынын администрациясынан алдына 500дөй сатуучу чогулганын жазат. Алар Салык кызматынын төрагасынын орун басарын күтүп жатышканы белгиленди.

Акциянын катышуучуларынын бири Аиза Рысбекова «Азаттыкка» Салык кызматынын кызматкерлери бир апта мурун ондогон кампага мөөр басып кеткенин айтып берди.

«Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп атат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар кара базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин», — деп билдирди ал.

Ишкерлердин кээ биринин айтымында, алардын кампалары эки айдан бери ачылбай турган, 1 миллион сомдон ашык салык төлөп ачтырышкан.

«Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева товар сакталган 800 контейнер жабык болгонун айтты.

«Салык кызматы товар кайдан, кандай баада келгенин көргөзгүлө деп талап кылууда. Бирок биздин соодагерлердин андай кагаздары жок», — деди Дөөлөталиева Салык кызматы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалап.

Салык кызматынын өзү азырынча «Дордой» жана «Жунхайдын» соодагерлеринин нааразылыгына комментарий бере элек.

««Дордой» жана «Жунхай» базарларынын соодагерлери буга чейин да митингге чыгышкан. Мурдагысында алар патент системасын калтырууну, ошондой эле салыктарды көбөйтпөй турууну талап кылышкан.

Акыркы эки жыл ичинде бийлик товар сатып жана кызмат көрсөткөн ишкерлер үчүн бир катар жаңы эреже-талаптарды киргизген. Алсак, бийлик алардан көзөмөл кассалык машинасын (ККМ), ошондой эле электрондук товардык-транспорттук коштомо барагын (ЭТТН) жана эсеп-фактураны колдонууну талап кылууда. Буга байланыштуу Бишкекте жана бир катар аймактарда нааразычылык акциялары өткөн.