ИИМ: «Аймак аралык кастыкты козутууга» шек саналган соцтүйүн колдонуучусу кармалды  

ИИМ 4-сентябрда «аймак аралык кастыкты козутууга» шектелип 27 жаштагы А.С аттуу жаран кармалганын билдирди

Министрликтин маалыматына ылайык, кармалган жарандын 2-сентябрда соцтүйүндөрдүн биринде «аймак аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып ЖМКга кайрылып жатканынын» видеосу тараган.

«Аталган факты Бишкек шаардык ИИББне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу)” боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.С. аттуу жарандын өздүгү такталып, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына  жеткирилген. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-амалдары улантылууда», — деп билдиришти ИИМден.

Ведомстводон мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертишти.

AKIpress басылмасынын маалыматына ылайык, кармалган жаран 31-август күнү Ошто башаламандык менен аяктаган көк-бөрү боюнча президенттик кубок жөнүндө билдирүү жасаган.

Ал окуяда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон көрүүчүлөр калысты ур-токмокко
алып, андан улам жалпы алты киши жабыркап, бир милиция кызматкери ооруканага жеткирилген.

Милиция башаламандык фактысы боюнча иликтөө баштаган. Анда ИИМ акыркы убакта соцтүйүндөрдө аймак аралык кастыкты козутууга чакырган билдирүүлөр активдүү таратылып жатканын жана коомдук тартипти бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен. 

Андан соң милиция башаламандык фактысы боюнча 65 адамды суракка алган. Алардын ичинен онуна «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бешөө эки айга камакка алынган. Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген.