Ош: УКМК кармаган Салтанат Орозбаева Жогорку соттон акталып, жумушуна кайтты

Санталат Орозбаева. Сүрөт: Ош шаардык оорулардын алдын алуу борбору

2022-жылы «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган Салтанат Орозбаева акталып, санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысынын орун басары болуп дайындалды. Маалыматты «Клоопко» аталган борбордон тастыкташты. 

Маалыматка караганда, Жогорку сот аны актап, кызматына кайтаруу боюнча билдирүү жолдогон. 

Орозбаева УКМК тарабынан аталган борбордун директору болуп турганда кармалган. Атайын кызматтан Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп, контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарган эмес деп билдиришкен.

«Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Орозбаева атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2022-жылдын октябрында Ош шаардык соту аны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 600 миң сом айып салган. Ошондой эле 2 жылга мамкызматтарды ээлөөгө тыюу салынган. 

Орозбаеванын жакындары апелляциялык даттануу менен облустук сотко кайрылып, бирок ал канааттандырылган эмес.

Анткен менен Жогорку сот Орозбаеваны актап, кызматына кайтарды. 

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ошто санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору кармалды