УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш берилди

Болотбек Тиллебаев

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге «жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы» үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 4-сентябрда президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Болотбек Тиллебаев УТРКнын башкы директорлугуна үстүбүздөгү жылы 9-мартта дайындалган. Ал Кайрат Иманалиевдин ордуна келген.

Тиллебаев көп убакыттан бери УТРКда ар кандай позицияларда иштейт. Буга чейин директордун техникалык маселелер боюнча орун басары болгон. Ошондой эле бир нече жолу корпорациянын жетекчилик кызматына сынакка катышкан.

«Вечерний Бишкек» басылмасы Тиллебаев 2014-жылы УТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө пара берүүгө аракет кылууда айыпталганын жазган. Тиллебаев бул ишти «кара пиар» деп атап, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко берерин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УТРКнын башкы директору алмашты. Кайрат Иманалиевдин ордуна Болотбек Тиллебаев келди