Өзбекстандын эл артисти, белгилүү аткаруучу Шерали Жураев көз жумду

Шерали Жураев. Сүрөт: Интернеттен алынды

Өзбекстандын эл артисти, композитор Шерали Жураев 4-сентябрда каза болду. Белгилүү аткаруучу 77 жашта эле. 

Шерали Жураев — 1947-жылы Анжиян облусунун Асака шаарында туулган. 1971-жылы Ташкент театр жана сүрөтчүлүк институтунун актердук маданияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1972-жылы «Шодлик» ансамблинде баштаган. Кийинчерээк Анжиян облустук филармониясында жана мамлекеттик филармонияда ырчы болуп эмгектенген. 

2017-жылга чейин «Өзбекнаво» эстрадалык бирикмесинде ырдаган.

2021-жылы чет өлкөдө турукташкан өзбек жарандары менен кызматташууну өнүктүрүү, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында түзүлгөн «Мекендештер» коомдук фондунун Камкордук кеңешин жетектеген.

Жураев миңден ашык ыр жазып, өзбек элинин белгилүү акындарынын ырларына обон салган. Ал «Тарых ырдайт» аттуу театралдык концерттин, «Шерали менен Ойбарчын» көркөм тасмасынын сценарийинин автору жана аталган тасмада башкы ролду ойногон. Аны менен катар чыгармачылык мектебин негиздеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялаган.

Ал өмүр жолунда бир канча сыйлыктарга татыган. 1981-жылы «Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти», 1987-жылы «Өзбекстандын эл артисти», 2018-жылы «Тажикстандын Эл артисти» жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

1993-жылдан 2016-жылга чейин Жураев чоң сахнадан четтеп, ырлары эфирлерде жаңырбай калган. Буга «жогорудан келген буйрук» себеп болгону айтылат. Президент алмашкандан кийин гана Жураев кайрадан чоң сахнага кайткан.

Маркум Өзбекстанга коңшу өлкөлөрдө да белгилүү болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланган.