Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров санарип өнүктүрүү министри Талантбек Имановду Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кылып дайындады. Бул тууралуу приденттин басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди

Имановдун ордуна санарип өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеген Нурия Кутнаева дайындалды. Ал эми Кутнаеванын ордуна Алмамбет Касымбеков бекитилди.

Талантбек Иманов санарип өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына 2022-жылдын январында келген. Анын бул тармакта тажрыйбасы жок туруп  аталган кызматка дайындалышы талаш-тартышты жараткан. 

Мындан тышкары, ЖМКда Иманов менен  Кыргызстандын энергетика тармагындагы «Ширшовдун коррупциялык схемалары» деп белгилүү болгон «Дастан» трансулуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовдун байланыштары тууралуу да кенен айтылып жүргөн.

Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин «Дастан» компаниясында күзөтчү болгон, кийин Алексей Ширшовдун айдоочусу болуп жүргөн.

Ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин Иманов «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы, «Дастан» заводунун туундуу компаниясы «Улан» жана «Полигон» ЖАКта жетектөөчү кызматтарды аркалаган. Иманов 2020-жылдын март айынан тарта «Дастан» заводунун башкармалыгынын төрагасы болгон.

Дагы окуңуз:  «Азаттык»: «Улан» ишканасынан кымырылган 54 млн сомдун изи министр Имановго такалат

«Ширшовдун айдоочусу». Санариптик өнүктүрүү министринин м.а. Иманов тууралуу эмне белгилүү