Бакиевдердин мурдагы юристи Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болду

Президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Бектур Зулпиевди кеңешчиси кылып дайындады. Бул тууралуу 7-сентябрда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди

Ал бозгун президент Курманбек Бакиевдин ушунда президенттик аппараттын юридикалык кызматтын башчысы болуп турганы белгилүү.  

2001-жылы ал Боршайкомдун төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган. Ал эми 2005-жылдагы Жоогазын революциясынан кийин Зулпиев президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Төрт жылдан кийин Бакиевдин аппаратынын юридикалык кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Зулпиев 1998 жана 2003-жылдары Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча эксперттик топто да мүчө болгон.

Мындан тышкары, 2020-жылдын ноябрында ЖМКда Зулпиев азыркы президент Садыр Жапаров сүрөмөлөгөн жаңы Конституциянын автору деген маалыматтар тараган

Бирок президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Галина Байтерек бул маалыматты четке каккан.