Аксы районунда үч жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда үч жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу 11-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Минкабдын маалыматына ылайык, райондо К.Алымкулов атындагы №25, К.Кулназаров атындагы №56 жана А.Кулубаева атындагы №64 Дардак-Дөбө мектептери ачылды. Үч мектептин тең ачылышына өкмөт башчысы Акылбек Жапаров катышты.

Минкабдан Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектеби 100 балага ылайыкталганын билдиришти. Анын курулушу августта башталып, бюджеттен 81 млн сом бөлүнгөн.

«Эми окуучулардын ата-энелери балдары үчүн кабатыр болбойт, айрыкча кышкысын, себеби эми мектепке 3,5 чакырым жөө журүшпөйт. Жаңы мектеп — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн гана эмес, жаркын келечектин символу», — деди Жапаров мектептин ачылышында.

225 орунга ылайыкталган Алыкулов атындагы эки кабаттуу мектептин курулушуна бюджеттен 66 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 150 балага ылайыкталган Кулназаров атындагы мектебине 44,8 млн сом жумшалган.

Жапаров 2023-жылы билим берүү тармагына 60,9 млр сом каралганын, анын ичинде 7,7 млрд сом жалпы билим берүүчү мекемелердин курулушуна бөлүнөрүн кошумчалады. Минкабдын маалыматына ылайык, 2023-жылы жакынкы жылдарга пландалган 204 мектептин 100ү пайдаланууга берилет.

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч бойдон калууда. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда.

2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Тема боюнча окуңуз:

Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!