«Аю» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

Материал 15:00дө жаңыланды.

Алкоголдук ичимдик чыгарган «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 12-сентябрда Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук сот 8-сентябрында ИИМдин тергөөчүсүнүн Абдыкеримовду камакка алуу боюнча берген арызын карап, канааттандырган.

Биринчи май райондук соту Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып жатканын белгилеп, кайсы беренелер экенин «Азаттыкка» ачыктады:

  • «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо» беренеси; 
  • «Акциздик маркаларды жана идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо» ;
  • «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» беренесинин экинчи бөлүгү;
  • «Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» беренесинин экинчи жана үчүнчү бөлүгү;
  • «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренесинин биринчи бөлүгү;

Азыркы тапта ишкердин кайда экени белгисиз. Эгер ал кармалса Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына (ТИЗО-1) камалат.

Буга чейин, 15-апрелинде ИИМ «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводун тинтүүгө алып, 264 тонна мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана акциздик маркасы жасалмаланган 13 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдик тапкан.

Бул боюнча «Токмок Буллс» ишканасынын башкы директору, башкы технологу жана күзөт бөлүмүнүн башчысы кармалып, «Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» беренеси менен иш козголгон. Ошондой эле ишкананын бардык кампасы жабылып, кайтарууга алынган.

Ал эми 14-апрелде президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүн билдирген.

Анын айтымында, буга ишкана миллиондогон салыкты төкпөй, акциздерди жасалмалап, контрабанда жолу менен наркы 40 миллион сомдон ашык 275 тонна спирт менен кармалганы негиз болгон.

Ал эми Экономика министри Данияр Амангелдиев компанияны «ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок» деп белгилеген.

Шаршенбек Абдыкеримов деген ким?

Абдыкеримов — Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарында депутат болгон. Ошондой эле көп жылдар бою Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын президенти болуп иштеген.

Мындан тышкары Абдыкеримов «Аю Холдингдин» карамагындагы арак өндүргөн «Аю» заводунун негиздөөчүсү. Юстиция министрлигиндеги маалыматы боюнча, анын үй-бүлөсүнө таандык «ССК 9х19» спорттук ок атуу клубу бар.

Ошондой эле Абдыкеримовго үйлөр, имараттар жана жер тилкелери таандык экени белгилүү. Кирешелери тууралуу декларацияга ылайык, экс-депутат 2020-жылы 8 514 141 сом киреше таап, 11 337 283 сом короткон.

Ошондой эле, декларацияда ишенимдүү башкарууга өткөрүлгөн мүлкү бар, бул компанияларды Абдыкеримовдун пайыздык үлүшү бар. Анын мындай алты компаниясы бар: «АЮ» ЖЧКсы (30%), «Дженерал Менеджмент» ЖЧКсы (69%), КФХ «Ак Сарай» (100%), «АЮ Констракшн» ЖЧКсы (35%), «Бермет» ЖАКы (47%), «АЮ Финанс» МКК ЖАКы (100%).

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки жарым жыл эркелеттик». Президент «Аю» компаниясы мамлекетке өткөнүн билдирди

ИИМ «Аю» компаниясынын заводдорун тинтүүгө алып, мыйзамсыз өндүрүлгөн 260 тонна спирт тапты