ИИМ «Аю» компаниясынын заводдорун тинтүүгө алып, мыйзамсыз өндүрүлгөн 260 тонна спирт тапты

Ички иштер министрлиги «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводун тинтүүгө алып, 264 тонна мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана акциздик маркасы жасалмаланган 13 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдик тапты.

ИИМдин 15-апрелдеги маалыматына ылайык, милицияга Токмоктогу ишканалардын биринде белгисиз адамдар спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул боюнча «Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Иш боюнча бир нече дарек аныкталып, Сокулук айылында жана Токмок шаарында тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада даяр продукциялар сакталган кампалардан мыйзамсыз жүгүртүүдөгү спирт ичимдиктери алынды», — деп белгилешти милициядан.

Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынды. Ошондой эле ИИМ дагы 118 даректе тинтүү иштерин жүргүздү.

«Чогулган далилдердин негизинде “Токмок Буллс” ишканасынын башкы директору, заводдун күзөт бөлүмүнүн башчысы, ишкананын башкы технологу кармалды. Бул ишке тиешеси бар башка адамдар аныкталууда», — дешти ИИМден.

Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, буга ишкана миллиондогон салыктарды төкпөй, акциздерди жасалмалап, контрабанда жолу менен наркы 40 миллион сомдон ашык 275 тонна спирт менен кармалганы негиз болгон.

Ал эми Экономика министри Данияр Амангелдиев компанияны «ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки жарым жыл эркелеттик». Президент «Аю» компаниясы мамлекетке өткөнүн билдирди