Шаршенбек Абдыкеримов Олимпиадалык комитеттин президенттигинен кетти

Улуттук олимпиадалык комитеттин жана Күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов отставка кеткенин жарыялады. Ал арызында ден соолугуна байланыштуу иштен кетип жатканын белгилеген.

Абдыкеримовдун федерация башчылыгынан кеткени тууралуу маалымат АКИpress’те үгүт материалы катары талапкердин шайлоо фондунан каржыланды. Анткен менен Абдыкеримов шайлоого катышпай турганын 19-ноябрда эле жарыялаган.

Улуттук олимпиадалык комитеттин мүчөсү Кабыл Макеш «Азаттык» басылмасына Абдыкеримовдун арызы бүгүн, 24-ноябрда карала турганын белгиледи. Макеш 25-ноябрга белгиленген олимпиадалык комитеттин башчысын шайлоо кийинкиге жылып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Анткени Абдыкеримов Күрөш федерациясынын дагы президенти болгондуктан анын ордуна башка жетекчи дайындалышы керек. Себеби Улуттук олимпиадалык комитеттин башчысын федерациялардын президенттери шайлайт.

Ал эми Күрөш федерациясынын басма сөз кызматы Шаршенбеков отставка кеткенин тастыктап, Абдыкеримовго Кыргызстанда эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөштү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип пост жазды.

«Бул маалыматты кайгыруу менен кабыл алдык. Бул анын акыркы чечими эмес деп үмүттөбүз», — деп жазылат анда.

Абдыкеримов 2011-жылдан бери Күрөш федерациясын, 2015-жылдан бери Улуттук олимпиадалык комитетти жетектеп келген.

Шаршенбек Абдыкеримов парламенттик шайлоого Нарын округунан талапкер болуп катталган. Бирок ал19-ноябрда Ат-Башы районунда тууганы Жибек Молдоевага күйөө издөө боюнча кастингде шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген.

Күйөө издеген кастинг

Шаршенбек Абдыкеримов уюштурган кастинг. Сүрөт: «Клооп»

10-ноябрда бир катар кыргыз ЖМКлары депутаттыка талапкер Шаршенбек Абдыкеримов улуу кызына күйөө издеп кастинг жарыялаганы тууралуу маалымат жарыялашкан.

«Кыргызстандын бай адамдарынын бири менен куда-сөөк болууну каалагандардын саны абдан көп, алардын катарында коңшу өлкөлөрдүн жигиттери да бар деп билдиришти штабдан», — деп айтылган ЖМКлардын маалыматында.

«Акипресс» басылмасы үгүт материалын жарыялаган учурда кыздын сүрөттөрүн да чыгарган. Ачык булактардан аталган кыз Улуттук олимпидалык комитеттин менеджери Жибек Молдоева экенин көрүүгө болот.

Аталган макала ЖМКларда үгүт материалы катары жарыяланып, талапкердин шайлоо фондунан төлөнгөн.

Шаршенбек Абдыкеримов деген ким?

Шаршенбек Абдыкеримов.

Абдыкеримов — «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын учурдагы депутаты. Абдыкеримов 2013-жылы «Кыргызстан» саясий партиясын негиздеген.

Мындан тышкары Абдыкеримов «Аю Холдингдин» карамагындагы арак өндүргөн «Аю» заводунун негиздөөчүсү. Юстиция министрлигиндеги маалыматы боюнча, ал «ССК 9х19» спорттук ок атуу клубунун ээси.

2011-жылдын июнунда «Республика» саясий партиясынан V чакырылыштын депутаты болгон. Ошол жылдын ноябрында Күрөш федерациясынын, 2015-жылдын майында Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган.

Ага үйлөр, имараттар жана жер тилкелери таандык экени белгилүү. Кирешелери тууралуу декларацияга ылайык, экс-депутат 2014-жылы жер тилкесин сатуудан 110 млн. сом жана автоунаа сатуудан 2 млн. сом каражат тапкан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Алкомагнат Абдыкеримов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялады

«Байлар менен куда болууну каалагандар көп». Талапкер Абдыкеримов «кызына» күйөө издеп жатат